Бүгүн, 22-август күнү түндө Европа Лигасынын жарым финалынын экинчи оюну өттү. Финалдык оюнда Испаниянын "Севилья" командасы менен Италиянын белгилүү "Интер" командасы кез келди.
Оюндун биринчи бөлүгү укмуштуудай өтүп, эки команда тең дарбазаларына 2ден гол өткөрүп алышты.
Оюндун экинчи бөлүгүндө эки команда тең кооптуу чабуулдарды уюштуруп, ошол эле учурда коргонууда дагы мыкты оюн алып барып жатышты. "Севилья" экинчи бөлүктө 1 гол киргизип алдыга чыкса, "Интер" тилекке каршы, канчалык аракет кылбасын эсеп санын теңей алган жок.
Муну менен "Севилья" командасы алтынчы жолу Европа Лигасын жеңип алды.
"Севилья" - "Интер" (3:2);
Голдор: Ромелу Лукаку (5-мүнөттө), Люк де Йонг (12,33-мүнөттөрдө), Диего Годин (35-мүнөттө), Ромелу Лукаку (74-мүнөттө өзүнүн дарбазасына).