Кыргыз Премьер-Лигасынын VI турдук оюнунун жыйынтыктары

Бүгүн, 22-августта Кант шаарындагы стадиондордо Кыргыз Премьер-Лигасынын VI турдук оюндары болуп өттү.

Оюндардын жыйынтыктары: "Дордой" - "Алга" (2:0)

Голдор: Эрнист Батырканов (32-мүнөттө), Мирлан Мурзаев (85-мүнөттө);

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Дордой" командасынын чабуулчусу Эрнист Батырканов табылды.

"Алай" - "Кара-Балта" (1:0);

Голдор: Нурлан Рыспаев (68-мүнөттө);

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Алай" командасынын оюнчусу Марат Аджиниязов табылды.

"Нефтчи" - "Абдыш-Ата" (2:2);

Голдор: Изаков (29-мүнөттө), Абдуллаев (33-мүнөттө), Мамытов (41-мүнөттө), Жапаров (90+5-мүнөттө);

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Нефтчи" командасынын оюнчусу Кайрат Изаков табылды.

"Каганат" - "Илбирс" (5:1);

Голдор: Жаныбек уулу (29-мүнөттө), Мирзалиев (56-мүнөттө), Жумашев (66,90+5-мүнөттөрдө), Алимов (74-мүнөттө), Кельм (85-мүнөттө).

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Каганат" клубунун оюнчусу Атай Жумашев табылды.

Коронавирус пандемиясынан улам оюндар көрүүчүлөрсүз өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан