"Бавария" клубунун мурдагы оюнчулары Чемпиондор Лигасынын финалында франциялык "ПСЖ" клубуна каршы оюнда командага ийгиликтерди каалашты. Футболчулар бул тууралуу социалдык тармактагы баракчаларына жазышкан.
"Баварияга" ийгилик каалагандардын арасында 2013-жылы "Бавария" менен Чемпиондор Лигасын жеңип алган футболчулар Бастиан Швайнштайгер, Франк Рибери, Арьен Роббен, Филипп Лам, Марио Гомес жана Анатолий Тимощук бар.
"Жигиттер! Силерди жакшы уктап, жакшы тамактандыңар деп ишенем. Бүгүн силерге өзгөчө оюн болот. Бул финал. Эң негизгиси чын жүрөгүңөр менен ойноп, талаада бардыгына даяр болушуңар керек. Ийгилик!", - деген Швайнштайгер.
"Силердин бир гана оюнуңар калды. Бул оюндан ырахат алышыңар керек. Мында дагы өткөн аптадагыдай ойносоңор, анда бир гана натыйжа болот. Бул жеңиш", - деген Роббен.
Бүгүн түндө Чемпиондор Лигасынын финалында "Бавария" жана "ПСЖ" командалары кез келет.