Буга чейин аксакалды бетке тээп, кийин жыгылта тээп, аёосуз сабаган эргулдун видеосу жарыяланган болчу. SUPER.KG порталы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнө байланышып, бул окуя боюнча маалымат алды. Айыл өкмөттүн милдетин убактылуу аткарып жаткан Абдусамат Абдуллаев буларды билдирди.
"Шектелип жаткан бала биздин айылдын тургуну эмес. Ал Кара-Суу районунан айылга келген, психикалык жактан ооруйт. Карыя экөөнүн ортосунда түшүнбөстүк чыгып, окуя орун алган. Айылдык аймактык тескөөчү баланы кармай алган эмес. Себеби ал качып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаарына качып кеткени айтылууда. Ошондон бери издөө иштери жүрүп жатат. Карыя учурда үйүндө, абалы жакшы", - деди Абдуллаев.