Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобундагы адам кармалды
14-сентябрда Жалал-Абад облусунда Камчы Көлбаевдин
уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалганын Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы
Таалайбек Сусунбаев билдирди. Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу
районунун тургуну 53 жашар Искендер Топчубаев 2011-жылы Мамырбек Орозбаев аттуу
жаран 80 миң сом алып азыркыга чейин бербей жүргөндүгү тууралуу арызы менен
кайрылган. Иликтөөлөрдүн натыйжасында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун
мүчөсү, Базар-Коргон районунун “смотрящийи”, мурда соттолгон 34 жашар Мамырбек
Орозбаев кармалган. Ага карата “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши
козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камалган.