Шаардык мэриянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу "Алга" клубунун директору болуп футбол боюнча СССРдин спорт чебери Кошалиев Меклис Бейшенович дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Меклис Кошалиев футбол индустриясында 45 жылдан бери эмгектенет. Ал Бишкектин "Алга", Оштун "Алай" футболдук командаларынын жөнөкөй оюнчусунан баштап, Кыргыз улуттук курама командасынын машыктыруучусу, Кыргыз футболдук союзунун (КФС) Бишкек шаары боюнча өкүлү болуп иштеген.
Ал эми футболдук клубдун спорттук директору болуп Исабеков Азамат Нарынбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгон.