Мирбек Атабеков депутаттыкка талапкерлигин койдубу? Ырчынын жообу (видео)

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Кыргыз өлкөсүнүн Эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабеков дагы депутат болот экен, ал кайсы партиянын тизмесине кириптир деген суроолуу маалыматтар тараган.

Буга байланыштуу Мирбек Атабеков өзүнүн Инстаграм баракчасында видео кайрылуу жасап, анда ал элдин алдында актанууга мажбур экенин айтты.

"Мага тиешелүү Мирбек Атабеков депутаттыкка талапкерлигин коюп жатат, депутаттыкты эмне кылат деген ар кандай талкуулар жүрүп жатат. Мен бир дагы партиянын тизмесинде жокмун. Саясатка кызыкпайм жана өзүмдү келечекте саясатчы катары көрбөйм деп башынан эле айтып келем. Ошол эле позициядамын.

Ал эми мындай жалган маалыматтарды таратып, ой-пикир чубаштырган адамдарга рахмат. Демек, сиздер мени депутат катары көргүңүздөр келет экен. Мен бир гана элимдин, күйөрмандарымдын астында көз карандымын. Бир дагы партиянын куралы эмесмин. Мени каралап жаткандар СММ адамдарынан түзүлгөн, 1 адам 10 аккаунт ачып алган боттор.

Ал эми жакында ырдап чыкканым тууралуу айта кетсем, мени ал жакка гимндин автору катары чакырышкан. Ырчылык милдетимди аткарып келдим. Бир дагы партиядан акча алган жокмун. Саясаттын оюндары ушунчалык начар, сасык экенине биринчи жолу күбө болуп жатам", - деген ырчы өз кайрылуусунда.

Ырчы Мирбек Атабеков: "Саясаттын ушунчалык начар, сасык экенине биринчи жолу күбө болуп жатам"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
molorbaev
2020-08-24 22:33:02
Азаматсын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан