Коронавирус инфекциясынын Орто Азияда таралышы (статистика)

Дүйнөгө кеңири кулачын жайган коронавирус инфекциясы Орто Азияда эң алгач март айында Казакстанда катталган. Бүгүнкү күндө Орто Азияда коронавирус аныкталган адамдардын саны 195 миң 220га жетти.

АКШнын Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча Орто Азия өлкөлөрүндө катталган коронавирус:

1. Казакстан – 104 миң 718 (каза болгондор – 1 миң 415);

2. Кыргыз өлкөсү – 43 мин 126 (каза болгондор – 1 миң 57);

3. Өзбекстан – 39 миң 65 (каза болгондор – 275);

4. Тажикстан – 8 миң 311 (каза болгондор – 66).

Ал эми, акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө жалпы 23 миллион 456 миң 597 адамдан коронавирус аныкталды. 809 миң 349 адам каза болсо, 15 миллион 155 миң 418 бейтап айыгып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gsuita
2020-08-24 18:44:04
Бизде каза болгондор аябай көп экен салыштырганда
+4
airada
2020-08-24 18:59:18
Бизде убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөнү үчүн өлгөндөр көп болду деп ойлойм менимче
+2
allia
2020-08-24 19:25:52
Бизде пневмония менен коронавирустун саны бириктирилген. Коронавирус менен ооруп, каза болгондор аз эле негизи.
+5
Mister-X
2020-08-25 18:41:26
allia,Пневмонияны коронавирус кучотуп салды.Озунор ойлосонор.Коронавирус опкого отуп кетсе,пневмонияны пайда кылат.Жана башка ооруларды козгойт.Опкону жабыркаткандарды пневмония деп чыгышты,давление,сахар ж.б оорулар менен олгондорду коронавирус менен олду деп белгиленди.
0
AdylbekB84
2020-08-24 19:34:02
Өлүмдү башка мамлекеттер жашырганы үчүн аларда аз катталды, мисалы Тажикстанда деле өлүктү жерге берип үстүнөн кленка менен жабылган көптөгөн көрүстөндү көрсөтүп жаттыго, Өзбекстанда деле моргко узуун кезеке тургандарды азаттыктан көрсөтүп жатты 2 күндөн бери алалбай жатабыз дешип, 17 өлүк моргтун полунда жатканына чейин көрсөтүштү! Казакстанда болсо Алма- атанын чет жактагы ээн жер көрүстөнгө айланганын көрдүк 5-6 күндө толуп баштады деп эле жатыштыго! Түркмөнстанды айтпаса деле түшүнүктүү!
+4
Agayu
2020-08-24 19:53:48
Кыргыздар кырылып кетиптирго .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан