Азыркы тапта БШКнын имаратынын алдында журналисттер турушат. Алар "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон өтпөй калды деген маалыматтын чын бышыгын билүү үчүн жыйналышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына журналист Жакшылык Бердибек уулу билдирди.
Айтымында, маалыматты тактоо үчүн келген журналисттерге БШКнын имартынан эч ким чыгып жооп бербей жатат.
"Жумушчу топтун төрагасы Абдыжапар Бекматов БШКнын имаратынын 3-кабат терезесинен журналисттерди улам карайт. Чыгып жооп берүүгө убактысы жок. Бекматов жок деп жатышкан, бирок мен аны жаңы эле терезеден көрүп калдым, имараттын ичинде экен", - деп билдирди Бердибек уулу.