Уурулук кылмышына шектелип 25 жаштагы кыз кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда уурулук кылмышына шектелип 25 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 17-сентябрда билдирди. Маалыматка ылайык, милицияга 45 жаштагы Д.Д. аттуу ГЭС-5 айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 15-сентябрь күнү үйүнөн 18 миң сом акча жана ичинде автоунаасынын документтери бар баштык уурдалганын айтыптыр. Бул факты боюнча Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам чара көрүп, кылмышка шектелип Көк-Жар айылынын 25 жаштагы тургуну Ч.А. кармалды. Учурда кылмыш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kaniet
2013-09-17 16:21:02
25 жашта болсо кыз эмес ко?Уурулука шектелгенинен да ушул жагы ото шектуу экен?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан