Жалал-Абад шаардык прокуратурасы шаардык балдар психоневрологиялык диспансеринин жетекчилерине карата кылмыш ишин козгоду
Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад шаардык балдар психоневрологиялык диспансеринин жетекчилерине карата КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын сайтында 29-ноябрда берилген маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык балдар психоневрологиялык диспансеринин жооптуу кызматкерлери бухгалтердик-каржылык документтерди жасалмалоо жолу менен майып балдар үчүн мончо курууга багытталган 165 миң 270 сомду кымырып, өз керегине жумшап салышкан. Учурда бул кылмыш иши боюнча иликтөө жүрүп жатат.