Президент Сооронбай Жээнбеков "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштерди жүргүзгөн тоо кендерин казып алуучу жана тоо кендерин кайра иштетүүчү ишканаларга киреше салык салуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле роялти салыгынын базасын жана анын ставкасын тактоо болуп эсептелет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан