Ырчы Сайкал Садыбакасова иниси жүрөк оорусунан каза болгонун айтты

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин Садыбакасов кечээ түнү жүрөк оорусунан улам каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына ырчы Сайкал Садыбакасова тастыктады.

"Иним кечээ түнү Бишкектеги үйдөн жүрөгүм ооруп жатат деп калды. "Тез жардам" кызматын чакыртып, ооруканага алып бардык. Көп өтпөй эле көз жумду. Жүрөгү кичине ооручу окшойт. Бирок астма оорусу менен жабыркап келген. Эркин 19 жашта эле, Эл аралык мамилелер академиясында окучу", - деди ал.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Гүлшайыр Садыбакасованын, Сайкал Садыбакасованын жана алардын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Begimkyz
2020-08-26 10:43:19
Кудай бейишин берсин! Апасына сабыр тилейм, эненин баланы жоготуу куйуту оор(
+13
Asel69
2020-08-26 11:01:48
Жараткан Тенирим жаткан жерин жай кылсын
-12
Baku88
2020-08-26 11:33:24
Asel69, Тенирин тескери айланып олуп калса экен. Кудайдын каарына калгырлар.Силерди АЛЛАХ жазалайт.
+5
Serenada
2020-08-26 18:03:04
Baku88,ушу заар тилин учун сен да жоор бересинго
+2
Usow
2020-08-26 11:03:07
Жайы жаннаттан болсун, жаш эле бала журогу ооруп кандай дарт болду экен...
+11
rysik79
2020-08-26 11:06:13
Жаман иш болуптур. Сабыр жакындарына. Арты кайрылуу болсун.
+14
AdylbekB84
2020-08-26 11:37:57
Ажал, ооруу кары жашка карабайт деген ушул экенда! Ушул күндөрү досум дагы ооруп жатат, дос дагы канча жашаймын билбеймин дегенде үстүмөн муздак суу куйгандай болду! Жашсың жеңесиң бул оорууну дештен колубуздан эчнерсе келбейт экен адам баласынын!
+8
Tymar
2020-08-26 12:56:30
Оо Жараткан Тенир. Ар бир адамга ден соолук бере кор.
-5
Stervashka
2020-08-26 13:16:42
Жаткан жери жайлуу болсун, бейишинен орун берген болсун!
+4
Evroset.Evroset.
2020-08-26 14:17:20
Ото жаман иш болуптур. Жакындарына сабыр тилейм. Бирок Гулшайыр эженин уулу бар экенин Эми билдим.
+3
KazNazi
2020-08-31 14:21:58
арты кайрылуу болсун. Жайы жаннаттан болуп, бир туугандарга сабр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан