Кечээ, 25-августта Кант шаарындагы стадиондордо Кыргыз Премьер-Лигасынын VII турдук оюндары болуп өттү.
Оюндардын жыйынтыктары: "Илбирс" (Бишкек) - "Алай" (Ош) (1:2);
Голдор: Жылдызбек уулу (45-мүнөттө), Жоэль Кожо (68-мүнөттө), Келвин Инкум (75-мүнөттө).
Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Алай" клубунун оюнчусу Келвин Инкум табылды.
"Абдыш-Ата" (Кант) - "Каганат" (Ош) (3:1);
Голдор: Максат Алыгулов (44,82-мүнөттөрдө), Керезбеков (68-мүнөттө), Мирзалиев (75-мүнөттө).
Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Абдыш-Ата" клубунун оюнчусу Максат Алыгулов табылды.
"Алга" (Бишкек) - "Нефтчи" (Кочкор-Ата) (1:0);
Голдор: Чыңгыз Идирисов (82-мүнөттө);
Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Алга" клубунун оюнчусу Чыңгыз Идирисов табылды.
"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Дордой" (Бишкек) (0:1);
Голдор: Фархат Мусабеков (76-мүнөттө).
Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Дордой" командасынын оюнчусу Фархат Мусабеков табылды.