81 жаштагы аксакалды аёосуз сабаган эргул кармалды. Аны кармоо учурунда бир милиция кызматкери жаракат алды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында 81 жаштагы карыяны сабаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-август күнү саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери изделип жаткан Кара-Суу шаарынын 36 жаштагы тургуну М.Т. аттуу жаранды кармашты. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, шектүү өзү жашаган үйүнө келди деген маалымат боюнча үйүнө кызматкерлер барган. Ал өз үйүнөн чыгып, качып кетүүгө аракет кылып, кызматкерлерге баш ийбестен, каршылык көрсөткөн. Натыйжада ички иштер органдарынын 1 кызматкеринин денесине жараат келтирген.

"Бул окуя боюнча Жазык кодексинин "бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Кылмышка шектүүгө карата буга чейин "ээнбаштык" боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган болчу. Териштирүү учурунда шектүү изин жашыруу максатында 21-августта Бишкек шаарына чыгып кетип, 25-август күнү Кара-Суу шаарына кайтып келген. Азыркы учурда шектүү М.Т. Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка шектүү мурда 3 ирет соттолгон. Териштирүү иштери Кара-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө. Кылмышка шектүү сүйлөй албагандыктан, дудуктардын тилин билген атайын адис чакыртылып, котормочу катары тергөөгө көмөктөшөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Калпакчан аксакалды аёосуз сабаган эргул
81 жаштагы аксакалды аёсуз сабаган эргул кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rysik79
2020-08-26 11:59:44
Опасян дудук экен го.
+1
Bekish-
2020-08-26 12:20:51
Бетин эмнеге жабып коёсуңар
+5
Gabiku
2020-08-26 14:09:15
Савай айыл окмотуно караштуу Кыдырша айылы болот
0
O.dembele
2020-08-26 14:23:43
Каратэст окшойт
-1
al-abu-kinesz
2020-08-26 15:56:38
Муну канча созот болду экен эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан