№2-Токмок психоневрологиялык жатак-үйүнүн жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Муну 17-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышты, бюджеттик каражаттык мыйзамсыз колдонушту деп айыпталууда. Прокуратура муну кошумчалады: 2012-жылы жатак-үйдүн директору К. Ж. жана мекеменин мурдагы башкы эсепчиси Ф.И. жалган документ түзүп 38 600 сомду өз кызыкчылыктары үчүн колдонушканы белгилүү болду. Текшерүүдө директор 7 айдын ичинде айлыгына кошумча 15 754 сом кошуп алганы аныкталды. Учурда бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы айтылды.