Лионель Месси "Барселонадан" кетсе кайсы клубга өтөт? Футболчуну катарына кошуп алууну көздөгөн клубдардын тизмеси

Футбол жылдызы Лионель Месси "Барселона" клубунан кетүү чечимин кабыл алгандыгы тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда. Футболчу каталондук клубдан кетсе, алдыдагы карьерасын кайсы клубда улантышы мүмкүн?

Франциянын "ПСЖ" жана Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубу Мессини сатып алууга негизги талапкерлер. Бул клубдар футболчуну катарына кошуу үчүн болгон күчүн жумшаганга даяр экендигин дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Италиянын "Интер" командасы дагы футболчуну сатып алууга кызыкдар клубдардын бири. "Интер" клубунун кытайлык кожоюндары албетте, футболчу макул болсо, аны сатып алууга даяр.

Ошол эле учурда чет элдик басылмалар өздүк булактарына таянуу менен Лионель Месси Англиянын "Манчестер Сити" клубунун башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазышууда.

Ошентип Лионель Мессини сатып алууга даяр 4 клуб белгилүү болду. Алар: "ПСЖ", "Интер", "Манчестер Юнайтед" жана "Манчестер Сити".

Буга чейин Лионель Месси "Барселона" клубунан кетүү чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.

81 жаштагы аксакалды аёсуз сабаган эргул кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bek-94
2020-08-26 14:05:35
Реалга от
+1
Syimyk.isaev
2020-08-26 14:31:18
Реалга өтсө барса фанаттары эмне кылаар экен,ошол кызык мага.
0
Alinur
2020-08-26 15:06:32
Менин оюумча кете албаса керек. Себеби Аргентина курамасынан дагы канча жолу "кетем" деп кете албадыго. Бул нерсе Мессиге жон эле адат болуп калганго
+1
keba300989
2020-08-26 15:06:35
Манчестер Ситиге өтсө Ливерпул менен оюн кызыйт эле.
-2
Ulik-real
2020-08-26 15:10:52
Реалдын болельщиктерине пох..каяка отсо да
+2
admiral
2020-08-26 15:16:34
ПСЖ сатып алуусу мумкун
-1
ilbirs
2020-08-26 16:00:16
Мессинин доору аяктап калды корунот
+2
ilgizk
2020-08-26 16:41:58
Ман ситиге өтөт го
-2
aslan_akjol89
2020-08-30 01:01:29
Дордой дагы кызыкдар го,угуп калдым эле))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан