Жаңы окуу жылынан баштап жогорку класстын окуучулары салык мыйзамдарын үйрөнүшөт

Жаңы окуу жылынан баштап жалпы билим берүү мектептеринин жогорку классынын окуучулары жана экономикалык эмес жогорку окуу жайлардын студенттери салык мыйзамдары боюнча кызыктуу формада билим ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Катышуучулар окуган жерден онлайн режиминде же түздөн түз окутуу формасын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, тагыраак айтканда окуу жайларында заманбап окуу куралдарды жана технологияларды, анын ичинде компьютерлерди, смартфондорду, ноутбуктарды же башка чакан колдонмолорду пайдаланышат.

Бул максатта мамлекеттик салык кызматы кийин жаштарга салыктык сабаттуулук боюнча сабактарды өтүү үчүн аймактык салык органдарынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча бөлүмдөрүнүн 116 кызматкерин дистанттык окуудан өткөрдү. Мында салык системинин негиздери менен таанышуу үчүн жаңы окуу куралдары (аудио жана видео роликтер) пайдаланылат.

Мындан сырткары окуу жайлар менен кызматташуунун алкагында, ЖОЖдордун жана орто кесиптик окуу жайлардын окутуучулары үчүн ушул сыяктуу окутуучу тренингдер өткөрүлдү.

Тренинг дистанттык окутуу куралдарын жана заманбап методдорду пайдалануу менен онлайн-режиминде өткөрүлдү. Бардык ушул иш-чаралар Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) менен биргеликте жүзөгө ашырылуучу “Мамлекеттик салык кызматынын адам ресурстарын өнүктүрүү системин жакшыртуу" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ilbirs
2020-08-26 15:56:35
Эн туура идея!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан