Таланттуу актёр Аскат Сулайманов Индиянын тасмасына тартылды. Актёр аталган тасмада кандай роль жаратып, кандайча тартылып калгандыгын SUPER.KG порталына айтып берди.
"Мен бул тасмада индиялык полковниктин ролун аткардым. Замир деген режиссёр жигит Аскат байке, индуска ошошсуз, келип тартылып бериңиз деп чакырды, ошентип тартылып калдым. Негизи кино орус тилинде тартылды, ал эми индустардын тилине субтитр менен которобуз дешти. Тасманын продюсерлери индиялыктар. Ал эми тартып жаткан кыргыз балдар болду. Бул кино менин билишимче, “Netflix” каналында коюлууга даярдалып жаткан тасмалардын катарына кирет өңдүү", - деп билдирди актёр Аскат Сулайманов.