Ош шаарындагы мейманканалардын биринин администраторун өлтүрүүгө шектелген жаран Аксы районунан кармалды

Ош шаардык ИИБи киши өлтүрүүгө шектүү катары 20 жаштагы К.К. аттуу жаранды кармады. Маалыматтар боюнча ноябрь айынын аягында Ош шаарындагы "Ак кептер" мейманканасынын администратору Н.К.аттуу жарандын жансыз денеси ошол эле мейманкананын номерлеринин биринен табылган. Иликтөөдө анын киши колдуу болуп өлгөнү белгилүү болуп, укук коргоо органынын кызматкерлери бармак издерин текшерүүгө алып, кылмыш ишин козгогон. Ыкчам иликтөө иш-чарасынан кийин Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун К.К. аттуу тургунун жакын туугандарынын үйүндө жашырынып жүргөн жеринен колго түшүрүштү. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан