Жарым жылга футболдон четтетилген "Алай" клубунун башкы машыктыруучусу Бакыт Маматовдун иши жокко чыгарылды

Оштун "Алай" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Бакыт Маматовдун иши жокко чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматкери Нуристан Марат уулу билдирди.

"Отурумдун корутундусу боюнча апелляциялык комитет Бакыт Маматовдун арызын жарым-жартылай канааттандырып, Кыргыз футболдук союзунун (КФС) тартип комитетинин 2020-жылдын 12-августта чыккан №1 чечимин жокко чыгарып, ишти жаңы кароого жиберди", - деп билдирди басма сөз кызматкери.

Эске салсак, 10-августта өткөн "Алга" жана "Алай" командаларынын ортосундагы беттештен кийин "Алай" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Бакыт Маматов беттештин калысы Дайырбек Абдылдаевге карата агрессивдүү мамиле жасап, моюнуна чаап жиберген делинип, КФСнин тартип комитети тарабынан 6 айга футболдон четтетилген


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан