"Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформанын негизги максаты - ишкерликти колдоо жана көмүскө экономика менен күрөшүү", - деп бүгүн, 27-августта премьер-министр Кубатбек Боронов салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча Координациялык кеңештин жыйынында айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Өкмөт башчынын айтымында, салыктык процедураларды фискалдаштыруу долбоорунун алкагында бир катар компоненттер киргизилди, алар электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу станциялардагы автоматташтырылган систем, электрондук товардык коштомо кагаздар, чекене соода кылуучу жайлардын баарына онлайн контролдук-кассалык машиналар орнотуу компоненттери, патент жана камсыздандыруу полиси бир документке бириктирилип, электрондук форматка өткөрүлдү, бажы тармагында инспекциялык кароо комплекстери орнотулду.
"Бул багыттагы жумуштар мамлекеттик бюджеттин кирешесин бир кыйла көбөйтүүгө, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтууга, аткезчилик аркылуу кирген товарларды кыскартуу менен көзөмөлдөөнүн ачык-айкын механизмин киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондо эле салыктык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу ак ниеттүү салык төлөөчүлөрдү колдоп, контрафакттык продукциянын көлөмүн азайтууга жардам берет", - деди Кубатбек Боронов.
Премьер-министр бүгүнкү күнү фискалдаштыруунун компоненттеринин эсебинен салыктык төлөмдөр өсө баштаганын байкоого болорун кошумчалады.
"Бул багыттарда аткарылып жаткан иштер натыйжалуу жүрүп жатат десек болот, бирок бул фискалдаштыруунун биринчи гана кадамдары. Алдыда көптөгөн жумуштар бар. Биз түшүнүшүбүз керек, жогоруда белгиленгендер өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформанын негизги максаты – таза иш алып барган ишкерлерди колдоо, көмүскө экономика менен күрөшүү жана ишкерликте таза атаандаштыкты камсыздоо. Көмүскө бизнес менен күрөшүү жана экономиканын ачыктык деңгээлин жогорулатуу оңой эмес, бирок маанилүү маселе. Ошондуктан биз реформаларды мындан ары дагы жүргүзө бермекчибиз. Алдыда көптөгөн жумуштар бар", - деди өкмөт башчы.
Жыйында Салыктык башкарууну санариптештирүү алкагындагы иштердин статусу, "СМАРТ САЛЫМ" аталыштагы салыктык башкарууну чагылдыруу планы жана Салык кызматынын маселелерин иштеп чыгуу борборун курууга даярдык көрүү сыяктуу бир катар маселелер каралды.
Мындан тышкары жыйындын катышуучулары 2020-жылга салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча макулдашылган Жол картасын бекитип беришти.
Өкмөт башчы салыктык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу системи ата мекендик экономиканын кызыкчылыгы үчүн толук кандуу киргизилиши керектигин баса белгиледи. Бул ишкерлер үчүн адилеттүү жана ачык шарттарды түзүүгө жана бизнести өркүндөтүүгө жакшы шарттарды түзөт.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кубатбек Боронов реформаларды илгерилетүү процессин тездетүү үчүн салыктык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселеси боюнча Координациялык кеңештин ишин активдештирүүнү тапшырды.