2020-жылдын 9-августунда Бишкек шаарындагы кафелердин биринен кармалып, кийин УКМК тарабынан Өзбекстанга өткөрүлүп берилген журналист Бобомурод Абдуллаев Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук коопсуздук комитетинин СИЗОсунда ага карата кыйноо болгондугу тууралуу ачык катын жарыялады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын Кыргыз өлкөсүндөгү жактоочуларынын бири Тимур Карабаев билдирди.
Төмөндө журналисттин ачык катынын кыскача мазмуну берилди:
Катта журналист УКМКнын кызматкерлери тарабынан жасалган бир катар мыйзам бузууларды көрсөткөн.
- УКМКнын оперативдүү башкаруу кызматкерлери мени 2020-жылдын 9-август күнү саат 18:00дө кармашып, бирок өздөрүн тааныштырган жок;
- Мени кармагандан кийин саат 18:15те жактоочума чалууга тыюу салышты;
- Саат 18:15те УКМКнын кызматкерлери уюлдук телефонумду алып коюшту, бирок ага карата протокол түзүлгөн жок;
- Саат 18:30да мени УКМКнын короосуна алып келишти. Андан кийин кызматкерлер УКМКнын холлдорунун бирине киргизишип, Бишкекте ижарага алган батиримдин ачкычын алышты да, анын көчүрмөсүн жасай башташты. Менин "эмнеге ачкычымдын дубликатын жасап жатасыңар?" деген суроомо "ушундай кылыш керек" деп жооп беришти. Батирде НР маркасындагы ноутбук, PANASONIC маркасындагы видеокамералар, XIAOMIRedMe маркасындагы эки уюлдук телефон, флэшка бар эле.
- Бирок ал учурда мен шок абалда болгондуктан, кармоо протоколу түзүлүп жатканда мындай аракеттерге карата доом бар экенин жазбай калыптырмын. Мени тынчсыздандырганы УКМКнын кызматкерлери ачкыч менен батириме кирип, менин жана жактоочуларымдын жоктугунан пайдаланып, аталган техника шаймандарыма мени каралоочу материалдарды киргизип коюшу мүмкүн болгон жагдай болуп жатат.
Каттын уландысында журналист тергөөчүлөр тараптан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу жазган.
Анда ал 2020-жылдын 10-августунда УКМКнын тергөөчүлөрү өзүнүн жана жактоочуларынын катыштыгы жок, санкциясыз батирин тинтүүгө алгандарын белгилеген. Ошол эле күнү журналисттин батирдеги буюмдары дагы алынган. Абдуллаев бул тууралуу 22-августта гана Өзбекстандын аскердик аба күчтөрүнүн учагы менен алынып кетип баратканда билген. Себеби учакта 10-августтагы бекитилген барак менен анын буюмдары целлофанга салынганын көргөнүн белгилеген.
Мындан тышкары Бобомурод Абдуллаев УКМКнын СИЗОсунда жатканда кызматкерлер анын документтерге кол коюшун талап кылып, камерада кыйноо жасаганын жазган.
- 2020-жылдын 11-августунда саат 19:45те УКМКнын СИЗОсундагы бир нече кызматкер "Өзбекстан жараны Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү тууралуу токтом" деген документке эле кол коюшумду талап кылды. Мен ал токтом менен таанышуудан жана ага кол коюудан баш тарттым. Ошол маалда алар мени коркутуп башташты. Кызматкерлердин бири мени темир керебетке жаткырып, сүлгү менен муунтуп баштады. Мен кыйналып баштаганда оодарылып туруп полго кулап түштүм, ошол маалда сол колум менен оң кашым керебеттин темирине тийип канап кетти. Ошондо СИЗОнун кызматкерлери тезинен менин камерамдан чыгып, аны жаап коюшту. Ошол жерлеримде азыр тырык калды. Документке баары бир кол койгон жокмун.
Абдуллаевдин жактоочулары Башкы прокуратурадан журналисттин ачык катын, кылмыш жасалгандыгы тууралуу расмий билдирүү катары кабылдап, аны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоону жана анын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштоону суранышкан.
Эске салсак, Бобомурод Абдуллаев 9-агустта Бишкек шаарындагы кафелердин биринен кармалып, кийин УКМК тарабынан Өзбекстанга өткөрүп берилген. Кийин журналист туура жүрүм-туруму жөнүндөгү тил каттын негизинде бошотулганы маалымдалган.