Бишкекте уруксаты жок иштеп жаткан компьютердик клуб жабылды

Бишкектин Эркиндик бульвары, 35 дарегинде жайгашкан "Bootcamp" компьютердик клубу жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, ал иштөөгө уруксат берилбегендигине карабастан, өз ишин улантып, кардарларды кабыл алып келген. "Оюн-зоок клубу калаада эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин жабылып, «Бузуулар жөнүндө» кодекстин 293-беренеси боюнча протокол түзүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Санитардык эрежелерди 7-апрель көчөсүндө жайгашкан «Сый-Ордо» кафеси, «Чыгыш-5» кичи районундагы «Ванкувер» компаниясынын бильярд клубу бузуп, аларга «Бузуулар жөнүндө» кодекстин 293-беренеси боюнча протоколдор түзүлдү.

Санитардык-экологиялык инспекциясы «Октябрь» кинотеатрынын айланасына көптөн бери санитардык тазалоо жүргүзүлбөгөндүгүн, таштандыга толгондугун аныктап, Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Кинематография департаментине бузууларды четтетүү эскертүүсүн берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан