Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек Токтомушев Түркия Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык, алакаларын мындан дагы бекемдөө, достук мамилени чыңдоо жаатында пикир алышты.
Жолугушууда муфтий кереметтүү кыргыз жерине алгачкы ирет келип жаткан Мүрсел Өзтүрк мырзанын ишине ийгилик каалап, кызматташууга ар дайым даяр экендигин билдирди.
Ал эми Мүрсел Өзтүрк Түркия диянет башкармалыгы менен эң жакшы иш алып барган Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы экендигин айтып, буга чейинки иштерди улантып кетээрин жана Муфтият менен тыгыз алакада иш алып бара тургандыгын билдирди.