Пандемия шартында баш кошкон шоу-бизнес өкүлдөрү

Пандемия шартында баш кошкон шоу-бизнестин өкүлдөрү өтө көп болбосо дагы такыр жок эмес. Үй-бүлө аталган түгөйлөр карантиндик эрежелерди сактоо менен чакан той өткөргөндөрүн айтышкан. SUPER.KG порталы бул жолу пандемия шартында баш кошкон жуптарды топтоду. Сизге кайсы жубайлар көбүрөөк жагат?

4-июнда актёр Болотбек Тилек сүйүктүүсү Арууке менен баш кошкон. "Учурдагы абалды эске алуу менен той өткөрдүк, карантиндик талаптарды бузбай, жакын адамдардын коштоосунда нике тоюбузду белгиледик", - деген ал.

Актёр жана режиссёр Сапар Сайназаров 15-августта бойдокчулук менен кош айтышты. Ал Диана аттуу кыз менен баш кошуп: "Азыркы кырдаалга байланыштуу эл катары той кылбай, ысырапкерчилик кылбай жакшылыгыбызды өткөрүп алдык", - деген.

Актёр "Салам Бишкек", "Кайнене", "Супер келин", "Бунт", "Lovе is…", "Түндүктүк келин" жана башка тасмаларда роль жараткан.

Ошондой эле бойдокчулук менен коштошкон мырзалардын катарында "Эл эмне дейт?" долбоорундагы Айжамал аттуу кыздын ролун катыра аткарган Чыңгыз Султанов дагы бар.

Ал эми 25-июнь күнү белгилүү ырчы, аткаруучу, маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабековдун үйлөнүү тою болуп өттү. Ал ырчы Миргүл Асаналиева менен баш кошкон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aliya-leyla
2020-09-06 20:55:59
бактылуу болушсун, кармашкан колдору узулбосун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан