Жалал-Абад облусунун Аксы районунда оор кылмышка шектелип мурда соттолгон, 1995-жылы туулган Р.уулу Т. аттуу жаран кармалды. Айыпталуучу Чаткал районунун тургуну экендигин бүгүн, 17-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кылмышка шектүү 14-сентябрда Кербен шаарынын 53 жаштагы Акбаралы Дөөлөтбеков аттуу жашоочусунун үйүнө уурулукка кирип, каршылык көрсөткөн үй ээсин бычактап салды. Көп өтпөй окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери аны кармашты. Күнөөлөнүп жаткан жаран психикалык жактан оорулуу экендиги, облустук ооруканада жаткан жеринен качып чыккандыгы айтылууда. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Жаракат алган жаран ооруканада.