Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы күнүнө байланыштуу жарандарды сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы менен сыйлануучулардын тизмеси:
Аликеев Малик Жунушович - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын
"Эл ырчысы–Эстебес тобу" фольклордук тобунун солисти;
Конушева Гүлшан Ниязбековна - К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын атайын фортепиано кафедрасынын башчысы;
Дүйшөнбек Касымов - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;
Көчөрбаев Рахатбек Сардарбекович - Бишкек шаарындагы № 5 балдар музыкалык мектебинин комуз классы боюнча мугалими;
Стамкулова Феруза Икрамовна - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти;
Черикчиева Токтобүбү Апышовна - ырчы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Аскер институтунун маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча инструктору.