Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын уулу жана ырчы Сайкал Садыбакасованын иниси Эркин Садыбакасов 26-августта жүрөк оорусунан улам каза болгон. Азыркы тапта чыгармачыл чөйрө жана кыргыз эли Садыбакасовдордун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүүдө. Ал арада маркум Эркин Садыбакасовдун бир тууган эжеси Сайкал Садыбакасова менен бирге жазылган акыркы видеосу жарыяланды.
Сайкал Садыбакасова жеке баракчасына инисине арнап пост жазып, алдына видео тиркеген.
"Апам экөөбүздүн жөлөгүбүз, эркетайыбыз Эркиним бул дүйнө менен 25-августта коштошту. Апам экөөбүзгө, сени таанып-билгендерге аябай оор болуп жатат. Эркиним менин, Аллахым сурагыңды жеңил кылып, бейиштен орун берсин. Аллах сени менен, эч коркпо, тынч уктайгой менин ананайыным...
"Саку эже, мага шаурма ала келиңчи" деп эми мага ким айтат?, "Апам экөөңөрдү чоңойсом Меккеге алып барам" дечү элең го. Эми бизге ким жөлөк болот, Эколям?
Жакшы адамдарды Аллахым эрте алып кетет дешчү эле... Сен жакшылардын жакшысы элең... Сен биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жашайсың!", - деп жазган Садыбакасова.