1-сентябрь - Билим күнүнө карата Каныбек Исаков мугалимдерге кат жолдоду

1-сентябрь - Билим күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мугалимдерге кайрылуу кат жолдоду.

"Ардактуу асыл мугалимдер! Кадырлуу кесиптештер! Быйылкы Билим күнүнүн алдында сиздерге атайын кайрылып, көкүрөктөгү ойлорум менен бөлүшүп, жүрөгүмдөгү жылуу сөздөрүмдү арнагым келди. 1-сентябрда дайыма баарыбыз окуучуларыбыз менен жолугушууну самап, ал эми окуучуларыбыз ак мектебин, классташтарын, досторун, билим берген агай-эжейлерин сагынып, мектептерибиз шаңга бөлөнүп турчу. Мезгил, дүйнөдөгү кырдаал өз үстөмдүгүн жүргүзүп, балдарыбыздын коопсуздугун, ден соолугун сактайлы деп быйылкы жаңы окуу жылын аралыктан окутууга аргасыз болуп жатабыз.

1-сентябрда 1-класска келген балдардын окуучулук турмушу ак жолтой, эсте калаарлык башталсын деп аларды реалдуу режимде окутууну чечтик. Пандемия адамзат жашоосунун багытын, философиясын, ыргагын өзгөрүүгө дуушар кылып жатат. Бул күндөр көптөгөн үй-бүлөлөргө таасирин тийгизди. Илим, билимге өмүрүн арнаган көрүнүктүү педагогдорубуздан ажырадык. Күтүүсүз арабыздан кеткен кесиптештерибиздин жакын туугандарына, уул-кыздарына дагы бир ирет көңүл айтып, алардын жаркын элесине таазим кыламын. Ушундай кырдаалды аң-сезимдүүлүк менен түшүнүп, туура жол издеп, элибизге туура багыт берүү биздин милдетибиз. Ар бир баланын жөндөмүн өнүктүрүүгө, керектүү билим, таасирдүү тарбия берүүгө аракеттенишибиз зарыл.

Мугалимдерди окуучулар гана эмес коомчулук, ата-энелер зор үмүт жана ишеним менен карап турушат. Ошондуктан балдарга билим берүүнүн түрдүү жолдорун биргелешип издейли. Ушундай учурда мугалим деген улуу атты бийик кармап, чыныгы педагогдук сапатыбызды сактап, башкаларга үлгү көрсөтөлү. Урматтуу мугалимдер! Сиздердин профессионалдык сапатыңыздар, педагогдук чеберчилигиңиздер, адамдык мамилеңиздер кандай тоскоолдук болбосун туруштук берип, акыл-эс менен жеңип чыгууга ишендирет.

"Куш уяда эмнени көрсө учканда ошону алат!" Андыктан ата-энелерди да мугалимдер менен кызматташууга үндөймүн. Окуучуларды колдоого алганыңыздар - келечекке чоң инвестиция салган менен барабар. Андыктан мектепти колдоп келе жатышкан жергиликтүү жетекчилердин баарына ыраазычылык билдирүү менен балдарды телевизор, интернет менен камсыз кылууга көмөктөшүүңүздөрдү суранамын.

Жакшылыктын акыбети сөзсүз жакшылык менен кайтат. Буюрса, кадимки жай турмуш келип, салттуу билим берүү процессине кайра өтүүбүзгө аз күндөр калды. Жакшы күндөр келишине баарыбыз көмөкчү болуп, балдарды санитардык-гигиеналык талаптарды сактоого, сергек жашоо маданиятын өздөштүрүүгө көнүктүрүүбүз керек. Урматтуу кесиптештер, жаңы окуу жылында бир да бала көңүл сыртында калбашы зарыл. Баарын билим берүүгө тартып, коопсуз чөйрөдө өсүп-жетилишине кам көрүүбүз керек. Биргеликте сөзсүз ийгиликтерге жетишебиз. Жаңы окуу жылында сиздерге күч-кубат, бекем ден соолук, бакубат турмуш, изденүү каалаймын".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан