Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" кезектеги маегин берди. Анда өлкө башчыга төмөнкү суроо узатылган.
"Сооронбай Шарипович, пандемия шартында парламенттик шайлоо өткөнү турат. Бул, албетте, өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл. Бир нече күндөн кийин үгүт иштери башталат. Шайлоо эл аралык практикадан алганда да, Кыргыз өлкөсүнүн тарыхынан алганда да ар кыл саясий күчтөрдүн тирешүүсү менен өтөт. Ал кээде мамлекеттин же жөнөкөй жарандардын коопсуздугун эске ала бербеген процесс болуп калууда. Ушул өңүттөн алып караганда, сизде кандай ойлор бар? Анткени шайлоолордун тынч өтүшү биринчи кезекте президентке артылган сыноо жана жүк эмеспи".
— Туура айтасыз. Бул шайлоо өтүшү керекпи же жокпу деп саясий чөйрөдө абдан катуу талкуу болду. Сиз айткандай, саясий туруктуулукту камсыздоо үчүн шайлоо болушу керек деп чечим кабыл алганбыз. Азыр шайлоо өткөрүү боюнча бул процесстер өлкөдө жүрүп жатат. Негизги максатыбыз — бул шайлоону таза, ачык-айкын өткөзүп, эң негизгиси элибиздин келип, эркин, каалаган партиясына добуш беришин камсыз кылуу.
Туруктуу иштеген мыйзам чыгаруу органы, аткаруу бийлиги болушу керек. Ал иштеши керек. Кандай иштейт, ал башка маселе, өзүнчө талкуулай турган тема. Бирок мамлекеттин өнүгүүсү, алдыга жылуусу, элибиздин күнүмдүк социалдык, экономикалык талаптарын аткаруубуз үчүн бардык бийлик бутактары туруктуу иштеши керек. Бул мамлекеттин туруктуулугу жана келечеги. Азыр өлкө шайлоо процессинин активдүү фазасына кирди десек болот. Демек, шайлоого катышам деген саясатчыларыбыздын да жоопкерчилиги артты. Мына ушуну саясатчыларыбыз эстен чыгарбай, жоопкерчилигин терең түшүнсө деген ойду айткым келет.
Туура, менден — президенттен, коомчулук, жарандарыбыз, элибиз ошол эле саясатчыларыбыз таза, ачык шайлоону талап кылып жатышат. Талап кылганды билгендер өз милдетин да билиши керек. Болбосо, бизде өз укугун абдан жакшы билип, бирок коом алдындагы милдетин унутуп койгон же билгиси келбегендер да бар. Мыйзамдуулукту талап кылып, өз укугун таңуулап, бирок башканын укугун тааныгысы келбегендер да бар. Демократия эмнеси менен күчтүү?
Демократия — бул көпчүлүккө азчылык баш ийүүсү менен күчтүү. Бизде болсо кээде азчылык көпчүлүк чечип жатса дагы, жок андай эмес деп, анын башка, радикалдуу жолун издеп, көпчүлүккө өзүнүн оюн таңуулагандар болуп жатат. Демократиянын эң негизги принциби — азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Ошонусу менен демократия.
Шайлоонун таза, ачык өтүшү президенттен же Борбордук шайлоо комиссиясынан гана көз каранды эмес. Мен бардык саясатчыларды жоопкерчиликке, мекендештеримди саясий зиректикке чакырам. Баарыбыз ынтымакта бул олуттуу саясий сыноодон тынч, ызы-чуусу жок, дүйнө элине уят болбогондой өтүшүбүз керек. Ал эми мен, президент катары, менден мыйзам алкагында шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө эмне талап кылынса, аларды аткарып жатам жана аткарам. Менин негизги милдетим ушул.