Президент коррупция менен күрөштө чоң же майда коррупция деп бөлүүгө болбостугун белгиледи

Президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиосуна" берген кезектеги маегинде өлкөдөгү сот реформасы жана коррупция менен күрөшүү маселелерине токтолду. Мамлекет башчы коррупция менен күрөшүү анын президенттик шайлоо алдында берген негизги убадаларынын бири экенин эске салды.

"Бул багытта күрөш жүрүп жатат. Бирок "уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы" дегендей, кадрларды алмаштырсаң деле, кээде эч нерсе өзгөрбөйт. Тескерисинче айрымдары коррупциялык схема түзүп, кирип кетип жатышат. Ошонун баарын тең санарип жоёт. Бул экономиканы дагы өнүктүрөт жана коррупцияны кыскартат", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал 2020-2024-жылдарга карата Коррупцияга каршы күрөш жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоору иштелип чыкканын кошумчалады.

"Бул документ жакында, сентябрь ай ичинде Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралат. Бул стратегия дагы коррупцияга каршы күрөш жана анын себептерин жоюу боюнча абдан жакшы курал болот. Ал жыйында акыркы эки жылдагы коррупция менен күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгын карайлы деп турабыз. Карап, ага баа беребиз жана келечек пландарды дагы аныктайбыз", - деп баса белгиледи Мамлекет башчы.

Президент коррупция менен күрөштө чоң же майда коррупция деп бөлүүгө болбостугун белгиледи.

"Муну айтканымдын себеби, кээде коомдо майда коррупционерлерди эле кармап жатышат деген кептер айтылып калып жатат. Бардыгы ошол майда-бараттан башталат. Майдасын-чоңун чогуу кармасак, анан бардыгы жоюлат. Менимче мамлекеттин, элдин байлыгын уурдагандарды чоң, кичине деп бөлбөй, баарын тең биз "ууру" деп баалашыбыз керек. Ууруга уурудай мамиле кылыш керек", - деп баса белгилеп, коррупцияга каршы күрөш токтобостугун кошумчалады.

Мамлекет башчы дагы бир багыт бул сот системин реформалоо экенин белгиледи.

"Бул реформа башталса кыйналып калабыз, укук коргоо органдары колдон чыгып кетет, мамлекетте тартип болбой калат" деп көптөрү айтышкан. Бирок мен буга болбой, катуу тургам. Бул реформаны биз оор болсо да, кыйын болсо да, татаал болсо да баштадык. Буга чейин да айткам, дагы айтам. Каражат, менин президенттик саясий эрким бар, бирок муну менен эле реформа алдыга жылып кетпейт экен. Муну турмуш өзү көрсөттү. Реформанын ийгилиги ар бир соттун абийирине, укук коргоо жетекчилерине, ошол иштеп жаткан кызматкерлерине, айрыкча сот системиндеги иштеп жаткан соттордун абийирине терең байланыштуу. Адилет сот системи болбосо өлкө өнүкпөйт. Муну баарыбыз билебиз. Ошондуктан бул реформаны канча кыйын болсо дагы улантабыз, токтотпойбуз", - деп баса белгиледи өлкө башчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков сентябрь айында сот реформасы боюнча кеңештин жыйыны өтөрүн, анда кандай жетишкендиктер, кандай кемчиликтер болгонуна жыйынтык чыгарыларын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2020-08-30 14:30:56
Корупциянын башында бийликтегилер турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан