Өзбекстандын президенти Ислам Каримов президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 17-сентябрда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Куттуктоонун тексти: “Урматуу Алмазбек Шаршенович, туулган күнүңүзгө байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорду кабыл алыңыз.

Өлкөлөрүбүздүн ортосунда калыптанган жакшы коңшулаштык, урматтоо жана өз ара түшүнүшүү мамилелери эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн андан ары ырааттуу өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун ишенимдүү негизи болоруна ишенем.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди каалайм”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан