"Ичим ачышат, качанга чейин үнсүз жоо менен алышабыз, качан үнүбүз бийликке жетет?". Гепатит дарты менен алышкандар жардамга муктаж

Кыргыз өлкөсүндө гепатит дарты менен ооруган жарандардын абалы күндөн-күнгө оорлоп бара жатат. Аларга мурун деле жакшы маани берилбей келген болсо, азыр таптакыр жардам берилбей, коронавирус пандемиясынан кийин унутулуп калган. Азыркы тапта дарт менен алышкан бейтаптар ичкен дарылар дагы кымбат болуп жатат. Бул тууралуу жарандык активист Нурказы Батырбеков билдирип, кейий турган айрым жагдайларга токтолду.

"Ушул оор күндөрү мен элдин үнүн бийликтегилерге жеткизе албай койдум. Эл ушул оорудан арыла албай келе жатат, саясатчылар келет, кетет, а биз кала берет экенбиз. Бир үй-бүлөдөн 3-4 киши ооруп, жардам сурайт. Мен да жөнөкөй эле жаранмын, мүмкүнчүлүгүм болсо, баарына кайдыгер карабай, колумдан келишинче жардам бергенге аракетимди кылмакмын. Мага кол сунуп, жардам көрсөтүп, дем берип турган ыктыярчы ага-эжелерим жок.

Ичим ачышат, качанга чейин үнсүз жоо менен өз ара алышабыз? Качан үнүбүз жетет же чоңдордун жакындары оорубайбы? Алардын такыр оорубай жүрүшүнө эч ким кепилдик бере албайт. Бул гепатит оорусу эч билгизбей жыгат экен. Жок дегенде алдын алуу иштери жүргүзүлсө жакшы болмок. Вакцинация калк арасында алынбай келет. Эки жылдан бери тиш доктурлардын, чач тарач, сулуулук салондоруна чейин колдонуучу жеке гигиеналык приборлору Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан текшерилбей, тиешелүү иш-чаралар өткөрүлбөй жатат. 2019-жылы моратория кирген. Текшерүү иштери эки жылга токтотулсун деп а биз саясат менен алекпиз", - деп билдирди Батырбеков.

Видеодогу жаранга жардам колун сунам дегендер 0(557) 12-58-12, 0 (772) 34-67-28 ушул номерлерге кайрылып, жардам берсе болот.

Борбордук аянтта өткөн салтанатка ыктыярчы бөбөктөр катышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Raihan0602
2020-08-31 09:59:07
Алдын ала айтылып паланча вирус каптап келе жатат адам өмүрүнө өтө кооптуу сактангыла деп какшап атканда элге кылган камкордугун көрдүк го.Биз даярбыз 100пайыз дегенден кийин канча адам жоготтук.Мамлекет,призидент,өкмөт кичине элди ойлойт деп түшүбүзгө да кирбей калды.Кудайдын боору оорусун элибизге ооругандарга шыпаа берсин .Көкүрөк кагып миллиондогон акчаларын чачып добуш сатып алам деген "азаматтарыбыз"ушул инсанга жана ар кандай оор дарт м-н алышып жаткан-га жардам колун сунаар деп
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан