Үйлөнүү тоюндагы кортеждерде унаанын терезесинен чыгып алып, авариялык абал жараткан жаштарга катуурак чара колдонулса жакшы болмок. Мындай пикирди SUPER.KG порталына видео жөнөткөн окурман билдирди.
Ал видеодон үйлөнүү тоюнун кортежинде үч унаа кетип баратканын көрүүгө болот.
"Бул окуяга 28-августта күбө болдук. Көлдүн Бөкөнбаев айылынан өтүп бара жатканда, кортежди көрдүк. Бир маалда унаалардан кыздар, балдар бойлорун чыгарып, шан-шөкөттүн жүрүшүн уюлдук телефонго тартып башташты.
Ошол эле маалда унаалар ылдамдыгын азайткан жок. Кокус кырсык болуп кетсе эмне болот эле? Былтыр Ошто кортеж унаалары катышкан чоң кырсык болгон, ушундай кырсыктардын эч кимге сабак болбогону кейиштүү", - дейт окурман.