Мындан 29 жыл мурда дал ушул күнү Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңеши СССРдин курамынан чыгуу тууралуу декларацияга кол коюп, мамлекеттин көз карандысыздыгын түзгөн. 1991-жылдын 31-августунан тарта Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган мамлекеттердин катарына кошулган.
Чейрек кылым аралыгында жергебизде кыйын кырдаалдар, кандуу окуялар дагы болду. Ошого карабастан элибиз оңолууга, жакшы деңгээлге көтөрүлүүгө кылган аракеттери менен алдыга жылып келет.
31-август - Эгемендүүлүк күнү өлкөбүздөгү эң маанилүү майрамдардын бири. Бүл күн кыргыз жергесинде жашаган ар бир жарандын, Ата Мекенди сүйүүчүлөрдүн, эли-жери үчүн күйгөн инсандардын майрамы.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыз элин эркиндикти алып келген Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!
Улуу күндөрдүн бири болгон Эгемендүүлүк күнү ар бириңиздердин үйүңүздөргө тынчтык, өлкөбүзгө өнүгүү алып келсин. Кыргыз жергесинде бакубат жашоо, бардар турмуш орун алсын. Үй-бүлөңүздөрдө жакшылык ыроолоп, ырыскыңар мол болушун каалайбыз. Желегибиз желбиреп, мекенибиз дайыма өнүгүү жолунда болсун. Асман тиреген Ала-Тоодон тынчтык, дөөлөт кетпесин.