Дональд Трамп, Володимир Зеленский, Александр Лукашенко кыргыз элин куттуктады

АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана кыргыз элин көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

"Мен Кыргыз Республикасынын акыркы 29 жыл ичинде демократиялык баалуулуктарын жана көз карандысыздыгын коргоодогу бекем туруктуулугуна суктанам. Көз карандысыздыкты алган күндөн тартып Америка Кошмо Штаттары Кыргыз өлкөсүнүн өсүп келе жаткан экономикасын, демократиялык институттарын курууга жана адам укуктарын урматтоону камсыз кылууга карата жасаган иш-аракеттерин колдоого 2 миллиард доллардан ашуун көмөк көрсөттү. АКШнын Тынчтык корпусу жана башка алмашуу программалары биздин элдин ортосунда бекем байланыштарды түздү. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн мамилелер Америка Кошмо Штаттарынын да, Кыргыз мамлекетинин да элдерине пайда алып келүү багытында өнүгөт деп ишенем", - деп айтылат Дональд Трамптын куттуктоо телеграммасында.

Украина президенти Володимир Зеленский кыргыз элин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

"Украина элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизди улуттук майрамыңыздар Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кызыкдар болгон бардык маселелер боюнча кыргыз-украина мамилелеринин активдешүүсү Украинанын Борбордук Азия аймагындагы артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат. Биргелешкен аракеттер менен Кыргыз өлкөсү жана Украина ортосундагы конструктивдүү кызматташтыктын мындан ары да өнүгүшүн камсыздай аларыбызга ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко кыргыз элин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

"Интеграциялык процесстердин активдүү катышуучусу жана эл аралык коомчулуктун тең укуктуу мүчөсү болгон эгемен Кыргыз мамлекети ар дайым ачык жана жигердүү диалог, ишенимди бекемдөө жана мамлекеттердин өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү жолунда илгерилөөдө. Муну Евразия аймагында эл аралык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууда иш жүзүндөгү натыйжаларга жетишүүгө олуттуу салым кошкон жамааттык коопсуздук келишим уюмуна 2019-жылы ийгиликтүү төрагалык кылганы тастыктап турат. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Беларусь Кыргыз өлкөсү менен элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн көп кырдуу жана натыйжалуу байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин дагы бир жолу ырастап кетким келет", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talaa11
2020-08-31 20:27:39
Трамп Кыргызстанды билбесе керек деп ойлогом
-1
Shekeev969798
2020-09-01 00:46:04
Путин куттуктабадыбы )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан