Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев Талас шаарындагы жаңы ачылып жаткан супермаркеттин ачылышына келген элдерди таратып, өтүп жаткан концертти токтотту. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, концерт өтүп жаткан супермаркеттин алдындагы топтолгон элге Марат Мураталиев оору күчөп атканда чогулганга болбой тургандыгын, музыканы токтотуп тарап кетүүлөрүн суранган. Концерттин көрүүчүлөрү дагы, интернет колдонуучулары дагы өкүлдүн бул ишин туура деп баалашууда.
Бул окуя тууралуу Марат Мураталиевге кайрылганыбызда, окуя кечээ, 30-августта болгонун айтты.
"Азыр аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы жүрүп жатат. Ошол кезде Таласта чындыгында жакшы супермаркет салынды. Супермаркеттин ээлери 30-август күнү саат 12:00дө супермаркетти ачабыз деп мага келишкен. Биз ошол күнү ал жерге барганыбызда, Бишкектен келген ырчылар ырдап жатыптыр. Миңге жакын адам бар экен. Азыр бизде өзгөчө кырдаал алына элек, коронавируска каршы иштер дагы деле жүрүп жатат. Ачылыш концерти болуп жаткан жерде жаш балдар дагы көп экен. Биз элге туура түшүндүрүп айтып, музыканы токтоттуруп, таратып жөнөттүк. Андан кийин лентасын кесип берип мен дагы кеттим.
Эртең супермаркеттин ээлерине айып салабыз. Жетекчилерине дагы түшүндүрүп айттым. Биз 15-20 киши менен алгоритмдин негизинде ачкыла деп айтканбыз", - деди Мураталиев.