Бүгүн, 31-августта атактуу футболчу Лионель Месси "Барселона" клубунун оюнчулары менен болгон машыгууга катышкан жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Месси мындан ары өзүн каталондук клубдун оюнчусумун деп эсептебей тургандыгын билдирген. Өз кезегинде "Барселона" Мессинин оюнга кайтып келишине үмүт артып жаткандыгы белгилүү болду.
Лионель Месси буга чейин дагы клубдун оюнчулары коронавируска карата тест тапшырганда келген эмес.
Келишимге ылайык, эгер Месси 11 күндөн 30 күнгө чейин машыгуудан калса, анда ага айлыгынын 25 пайыз өлчөмүндө айып салынат.
33 жаштагы аргентиналык футболчу "Барселона" клубунун жаңы машыктыруучусу Рональд Куман менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин клубдан кетүү чечимин кабыл алган.