1-сентябрь - Билим күнү. Бет кап тагынып, колуна антисептикалык каражат кармаган окуучулар

Бүгүн, 1-сентябрь - Билим күнүндө бет кап тагынып, колуна антисептикалык каражат кармаган 1-класстар мектеп босогосун атташты. Быйылкы окуу жылында салтанаттуу линейка иш-чарасы дагы уюштурулган жок. Пандемия шартында башталган окуу жылы мугалимдер үчүн да ата-энелер үчүн да кыйынчылык жаратты өңдөнөт. Балдарын жетелеп келген ата-энелер алар менен кошо толкунданып турушту.

"Майрамдык маанай жылдагыдай болбосо дагы биз билгизбей өзүбүздүн көңүлүбүздү өзүбүз көтөрүүдөбүз", - деп билдиришти ата-энелер.

Бишкектеги Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназиясынын мугалимдери Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен атайын эреже менен иш алып барууда. Ага ылайык мектеп окуучулары класс ичинде социалдык аралыкты сактоо менен бет кап тагынып, дайыма антисептикалык каражаттарын колдонушат.

Мугалимдердин айтымында, пандемия шартына карабастан башталгыч класстардын мектепке келип окуй баштаганы жакшы болду. Себеби, аралыктан окууда 1-класстар эмес жогорку класстын окуучулары да кыйналып, көпчүлүгү татыктуу билим ала албай жатканын айтышат. Буга себеп, ар кандай техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам окуучулардын өз алдынча сабакты өздөштүрүп кетүүсүндө кыйынчылыктардын жаралуусу болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AdylbekB84
2020-09-01 11:50:11
Эх мотурайгандар Кыргызстандын келечегине жараган жигит- кыздардан болуп чоңойгула! Буларды көрүп өзүмдүн тее 90 -жылдары мектепке барган күндөрүм эске түштү.
+2
Saidochka
2020-09-01 14:01:55
Мойтойгон жожолор,билим жолуна тушкон ары бактылуу,ары туйшуктуу кадамынар байсалдуу болсун.элдин керегине жараган азаматтардан болгула ананайындар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан