Быйылкы жылы шоу-бизнес өкүлдөрүнөн кимдер ата-эне макамын алышып, бешик терметип, жентек той өткөрөрүн тизмектеп көрдүк. Алардын арасында биринчи, экинчи, үчүнчү наристесин күтүп жаткандар бар.
"Балалуу болом" деген белгилүүлөрдүн катарында ырчы Бурул Арунова да бар. Ал 2019-жылы турмушка чыккан.
Актёр, алып баруучу жана шоумен Самат Эркинбеков жакында ата болот. Ал жубайы Чолпонайдын кош бойлуу сүрөтүн социалдык тармакка жарыялап, ата-эне болорун айткан. Жубайлар 2015-жылы баш кошкон.
Ырчы Арсен менен колуктусу Бегайым бул жылы экинчи ирет ата-эне аталышат. Түгөйлөр 2018-жылы июль айында үйлөнүшүп, 2019-жылы кыздуу болушкан.
Шоумен Актан Рыскелдиев менен келинчеги Феруза айым жакында үчүнчү ирет ата-эне макамын алышат. Жубайлар 2014-жылы үйлөнүп, Жантай, Анатай аттуу уулдарды тарбиялап келишет.
"Азия Микс" командасынын оюнчусу Бактияр Касымалиев менен келинчеги Жибек Алиева дагы үй-бүлөсүндө толуктоону күтүшүүдө. Алар 2016-жылдан бери чогуу түтүн булатып келишет.