"Кызым класс жетекчисине алып барган шоколадын жоготуп алды" дейт режиссёр Сүйүн Откеев. Балдарын биринчи класска алып барган белгилүүлөр
Быйылкы окуу жылы пандемия шартына туш келгендиктен, 1-класстын окуучулары гана мектепте билим алышат. Бул күндү чыдамсыздык менен күткөн балдардын, кооптонгон ата-энелердин арасында кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрү да бар. Бул ирет кайсы атактуулар баласын же кызын мектепке алып барганын тизмектеп көрдүк.
Ырчы Бактыгүл Бадыеванын тун кызы Ширин борбор калаадагы мектептердин биринде билим алууну баштады.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын кызы Даткайым биринчи класстын окуучусу болду.
"Кыз баланы мектепке даярдоо башкача болот экен, толкундандык. Кыздар бантик тагынышат эмеспи. Кызыбыздын чачы аябай суюк болгондуктан, коюу болсун деп 5-6 жолу кырдырдып, жакшы эле даярдыктарды көрдүк. Даткайым агасы Барсбек билим алып жаткан Ош шаарындагы англис тили багытындагы менчик мектеп-гимназиясында окуйт", - дейт ырчы.
Кинорежиссёр Сүйүн Откеевдин үчүнчү кызы бул жылы ак бантик тагынып, биринчи класска аттанды. "Кызым Назик Бишкектеги математика багытындагы №95 гимназияда билим алууну баштайт. Класс жетекчисине шоколад алып барган болчу. Толкунданып жатып таттуусун жоготуп алыптыр. Кызыгы, мектепке баргандардын ичинен өтө аз окуучу маска тагынышыптыр. Буюрса, кызыбыз жакшы окуса экен деп апасы экөөбүз тилек кылып отурабыз", - деп билдирет Откеев.
Биринчи класска баргандардын арасында ырчы Айпери Кулбаеванын уулу да бар. "Баланы мектепке даярдоо, биринчи класска алып баруу - үй-бүлөбүздөгү биринчи тажрыйба. Улуу балабыз Алман Ош шаарындагы мектептердин биринде орус класста билим алып баштайт. Мектеп формасын, окуу куралдарын алып, даярдык көрүүдө толкунданат экенсиң", - деди Кулбаева.
Ырчы Айнура Салахидинованын баласы Дари Бишкектеги мектептердин биринин окуучусу болду.
"Тамашоу" долбоорунун түптөөчүсү Эрмек Нурбаевдин уулу Тагай быйыл мектеп босогосун аттады. Ал борбор калаадагы Сейтек мектебине барганын Эрмек Нурбаев кабарлаган.
Дизайнер Айпери Обозова кызы Айлунду биринчи класска алып барды. Айтымында, кызын мектепке раматылык апасы (ред.: сүрөтчү Данакан Адашканова) алып баргысы келген.
Клипмейкер Эрнист Сыдыковдун уулу Замир биринчи класстын босогосун аттады. Ал борбор калаадагы №37 гимназияда билим аларын клипмейкердин жан шериги Кымбат Асизова билдирет.
Кызын мектепке алып барган ырчылардын катарын Съездбек Искеналиев дагы толуктады. Ырчы мырзанын кызы Нагима борборубуздагы мектептердин биринде билим алат. Мындан тышкары ырчы KG Эльмураттын кызы дагы окуучу болду.