Учурда студенттер окуу менен гана алек болбостон, иштеп, өз арабаларын өздөрү тартып келе жатканы маалым. Жеке ишкерлик кылууга дагы жетишкен айрым студенттерди көрүп, кубанбай койбойсуң. Ушундай дымактуу жаштардын катарын толуктап келе жаткан 20 жаштагы студент, "Мираж" китеп дүкөнүнүн негиздөөчүсү Туратбек Чынарбеков SUPER.KG порталына маек курду. Каарманыбыз жаш экенине карабай, чоң жоопкерчиликти моюнуна алып, ийгиликке карай таштаган кадамы тууралуу азын-оолак кеп куруп берди.
— Туратбек, айтсаңыз ишкерликти баштаганга эмне түрткү болду?
— Негизи бардык ишти чогуу алып кетсе боло тургандыгын түшүндүм. Мисалы биз болбойт, жетишпейбиз тек гана окуш керек деп ойлойбуз. Ушул сыяктуу нерселер бар да. Анан өзүм китеп окуганга кызыккандыктан, китеп саткан дүкөн ачуу идеясы мурун эле бар болчу. Андан соң "Бир адамдан бир китеп" деген долбоорго катышып калдым. Ал жакта жүрүп, тажрыйба топтоп, дүкөндү ачуу планын, стратегиясын түзүп жүрдүм. Ошентип жазында дүкөнгө ылайыктуу орун табылып калды. Каражат жаатындагы маселеде жакшы адамдын колдоосу менен дүкөн ачуу идеям ишке ашып калды. Ошондон бери китеп дүкөнү элге кызмат кылып келе жатат.
— Студент боло туруп, ишкерликти чогуу алып кетүү оңой болбосо керек.
— Ооба, экөөнү чогуу алып кетүү өтө кыйын. Бирок өздөштүрсө болот. Ал үчүн убакытты туура бөлүштүрсөк эле баарына жетише алабыз. Алсак, эртең менен саат 05:00дө турсаң кечки 20:00гө чейин далай жумуш бүтөт. Жада калса адам психологиялык жактан жетишсе 3-4 жумушту чогуу алып кетсе болот. Бул тажрыйбаны өзүм деле жасап көргөм. Ал үчүн адам күчтүү, сабырдуу болушу керек.
— Эмне үчүн китеп дүкөнүн ачтыңыз? Учурда китеп бизнесинин башка бизнестерге салыштырмалуу кооптуулугу чоң эмеспи. Өтпөй калса, чыгымга учурап калсачы деген ойлор болгон чыгар.
— Чындыгында бул ишкерликтин түрү абдан кооптуу. Чыгымга учурап калуу ыктымалдыгы бар. Мисалы, азыркы учурда адамдар күн сайын эт, нан жейт. Ошондуктан азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн иши ар дайым жүрө берет. Себеби аларга муктаждыгыбыз чоң. Ал эми руханий жан дүйнөнү, интеллектуалдык көрөңгөбүздү байыта турган китептер көп окула бербейт. Азыркы статистикалык маалыматтарга көз салсак, ушундай пикирге келип такалабыз. Бирок ал нерсе биздин иштегенибизге жараша да болот. Ишкерликте сатуусу күчтүү менеджерлер, мыкты SMM адистери (социалдык тармактарда атайын сервистер аркылуу белгилүү бир кызматты же товарды алдыга жылдыруу үчүн жасалган иш-аракеттердин топтомун көзөмөлдөгөн адам) иштесе, ишкерлик алдыга жүрө берет демекчимин. Мисалы, пандемия учурунда дагы биздин дүкөн элге өз кызматын көрсөтүп жатты.
— Адамдарды китеп окууга тартуу үчүн кандай ыкмаларды колдоносуз?
— Китеп окууну социалдык тармак аркылуу элге сунуштап жатабыз. Эмнеге адамдар китеп окуш керек? Ушул суроонун жообун кыскача жеткиргенге аракет кылуудабыз. Мындан сырткары "Бизнес ачкым келет", "Байыгым келет", "Чоң кызматта иштегим келет" деп кайрылышат. Ошондо аларга кызыккан тармагына, жанрына карата ылайыктуу китептерди сунуштайбыз.
— Жеңилди жерден, оорду колдон алган командаңыз болсо керек. Командаңызда канча адам бар?
— Ооба, абдан күчтүү командам бар, 5 адамдан турат.
— Учурда кайсы тармактагы китептерге суроо-талап жогору болууда?
— Азыркы учурда кардарлар көбүнчө бизнес, мотивациялык, психологиялык жана диний китептерге басым жасап жатышат.
— Чакан китеп дүкөндүн келечектеги орду кандай болушу мүмкүн?
— Чакан китеп дүкөнүбүз келечекте чоң китеп дүкөндөргө айланарына ишенем. Филиалдарын ачабыз буюрса.
Дагы бир жаңылыгыбыз менен бөлүшүп өтөйүн, биз электрондоштуруу долбоорунун үстүндө иштеп жатабыз. Анда китептерди электрондук кылып, системге салып жатабыз. Кээ бир учурда автордук укуктарды бузуп, электрондук китептер тарап жаткан учурлар дагы кездешет эмеспи. Дагы бир максатыбыз автордук укуктардын сакталуусуна шарт түзүү менен долбоорду ишке ашыруу. Мындан сырткары бир канча пайыз каражатты авторлорго төлөп берүү. Долбоор чыгымын өзүн-өзү каржылай тургандай кылып иштеп жатабыз. Баары кыргыз тилинде болот. Ал атайын китепкананын сайтында болуп, муктаждыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окурмандарга акысыз кылууну көздөп жатабыз.
— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Алдыга койгон максаттарыңызга жетиңиз!