Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын капитаны, Орусиянын "Енисей" футболдук клубунун коргоочусу Валерий Кичин "Енисей" клубунун эң кымбат оюнчусу болуп табылды. Бул тууралуу "Transfermarkt" порталы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Валерий Кичиндин баасы 900 миң еврону түзөт. Кичинден кийин эле жарым коргоочу Олег Ланин жайгашкан. Ал 550 миң еврого бааланган. Ал эми "Енисей" клубунун футболчуларынын жалпы трансфердик баасы 7 миллион 380 миң еврону түзөт.
Валерий Кичин "Енисей" командасына ушул жылдын июнь айында кошулган.