Кыргыз режиссёру Байзак Маматалиевдин "Кайыкта" аталышындагы кыска метраждуу тасмасы эл аралык сынакта байгеге жетти. Кыргызфильмден кабарлашкандай, сынактык бөлүктө көрсөтүлгөн 14 мүнөттүк тасма "Эң мыкты сценарий" наамын жеңген. Мындан тышкары 2 миң евро акчалай сыйлык ыйгарылган.
Эл аралык фестиваль Даниянын Оденсе шаарында 24-августтан 30-августка чейин өткөн.
“Кайыкта” кыска метраждуу тасманын синопсиси:
Көлдөн кайык менен адамдарды ташып жан баккан 25 жаштагы мусулман жигит христиан дининдеги ай-күнүнө жеткен боюнда бар аялды кайыкка салып, бир жээктен экинчи жээкке жеткирүүгө мажбур болот. Бирок аялдын кайыкта толгоосу күчөп, мусулман жигит христиан аялды төрөтөт.