25-августта Кыргыз Премьер-Лигасынын (КПЛ) биринчи айлампасындагы оюндары жыйынтыкталган. Бүгүн, 1-сентябрда КПЛ биринчи айлампадагы эң мыкты оюнчулардын символикалык командасынын курамын түздү.
КПЛдин биринчи айлампасынан кийинки эң мыкты оюнчулардын тизмеси:
Дарбазачы: Эржан Токотаев ("Дордой");
Коргоочулар: Азамат Абдуллаев ("Нефтчи"), Вениамин Шумейко ("Алга"), Мустафа Юсупов ("Дордой");
Жарым коргоочулар: Бекжан Сагынбаев, Фархат Мусабеков ("Дордой"), Муролим Ахмедов, Азамат Өмүралиев ("Нефтчи");
Чабуулчулар: Мирлан Мурзаев ("Дордой"), Чыңгыз Идрисов ("Алга"), Максат Алыгулов ("Абдыш-Ата");
Машыктыруучу: Александр Крестинин ("Дордой"),
Кыргыз Премьер-Лигасынын экинчи айлампасындагы оюндар 6-сентябрда башталат.