17-сентябрда мурунку депутат Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын курду. Анда УКМКга оппозициянын пландары тууралуу айткан Эрланбек Өмүралиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Сүйлөшүүнү жаздырып алганын айтып, аудиожазууну журналисттерге угузду. Анда Өмүралиев делген адам оппозициянын пландары тууралуу өзүнүн сөзүн эмес УКМКда даярдалган сөздү кайталап бергенин айтат. Сүйлөшүүнүн стенограммасы төмөндө.
Садыр Жапаров: - Жанагы видео боюнча болгонун болгондой айтып берчи, ким коркутту, эмне кылып алдады? Бүт баарын айтып берсен от и до?
Эрланбек Өмүралиев: - Теледен берилген видеороликти 100 жолу көрүп чыктым. Анан жанагы жалаанын маселеси мындай. Мен шыбырашып Оки менен сүйлөшүп жаткам, жакшы түшүнбөй калган моменттер болсо сиз жакшылап угуп туруңуз. Өткөндө Соң-Көлдөн келе жатканда түнкү саат бир жарымда Эрлан сага чалды беле деп суроо бересиз азыр Окиге?
С.Ж.: - Ии, айта бер, айта бер.
Э.Ө.: - Анан астыбызда бир патрульный машина артыбызда бир патрульный машина тээтиги Нарынга чейин кайтарып келишти. Мен ойлодум, алар бизди Бишкекке чыгып кетеби же Нарында калып калабы деп аңдышкан. А сиз жанагы телевизордон көргөн видео биринчи гана сериясы. Бул видеоинтервью эки бөлүктөн турат. Биринчиси жанагы сиз көргөнүңүз, дагы бир бөлүгү бар, аны сизге эми кандай кылып подробно түшүндүрүп берсем сизге. Ошол эки бөлүктү кошкондо жанагы видеонун мааниси таптакыр башкача болуп калат.
С.Ж.: - То есть, булар деген кесип-кесип алып туруп анан сен как будто бизди шыбап аткандай кылып көрсөткөн экен да ээ?
Э.Ө.: - Ии. А тиякта деген эч кандай монтаж жок, айтканымды айткандай неметишкен.
С.Ж.: - А өзүңдүн колуңда барды ошол сенин биринчи айтканың?
Э.Ө.: - Биринчи видеоинтервьюну бир квартирадан тартып калышкан, экинчи видеоинтервьюну башка квартирадан тартып калышкан.
С.Ж.: - Эрлан, мындай кылсаң. Сен ток этер жерин эле айтчы. Булар айтып жатпайбы СНБдагылар, бизди чакырганда да айтып жатышат. Силер дейт машиненин ичинде отуруп алып дейт Эрлан, сен, Жекшенкулов, Кадыров анан дагы бир топтору болуп отуруп дейт Кубакы жолун жабабыз, камаз менен таш алпарып төгөбүз, анан жанагы Юпигейт кылабыз деп сүйлөшүпсүңөр дейт. Ошондой сөз болду беле же болгон жокпу ошону эле айтып койсоң?
Э.Ө.: - Ошондой сөз, жанагы мага кара БМВ менен келген бала...
С.Ж.: - Жок, жок токтой турсаң. Ал баланын сөзү эмес, сен ошону эле айтчы мага ошондой сөз машинада отурганда болду беле же болгон жок беле?
Э.Ө.: - Соң-Көлдөнбү?
С.Ж.: - Жоок, ошол Соң-Көлдө отурганда.. Тиги СНБлар айтып жатпайбы машиненин ичинен отуруп дейт Эрлан Өмүралиев, Жекшенкулов, Жапаров, Кадыров жана башка бир топтору дейт сөз кылып жаткан, бизге СНБ суроо берип жатат да силер ушинтип машиненин ичине отуруп алып план сүйлөшүпсүңөр дейт. Кубакы планы, Юпигейт планы анан үчүнчү планыңар бар экен дейт. Ошондой план жөнүндө айтчы, план болду беле же болгон жок беле?
Э.Ө.: - Болгон жок да.
С.Ж.: - А эмне СНБлар ошентип айтып жатат анда?
Э.Ө.: - Сиз ошон үчүн мени перебивать этпей укпайсызбы? СНБ сизге андай суроо берип жаткан үчүн прессага, телевидениеге экинчи бөлүгүн чыгарбай жатпайбы, түшүнүп жатасызбы?
С.Ж.: - То есть жанагы толук жазып алганды кесип-кесип чыгарып, анан толугун чыгарбай жатат?
Э.Ө.: - Ии, жанагы телевизордо КТРде берилип жатканда орто эсеп менен, божомол менен айтайын 30-40тай суроо бар да мага берилген мен жооп берип жаткан. А тиги жактагы скрытый камера менен тартып жатканды санап көрсөңүз орто эсеп менен 12-15 суроодой эле бар. Ортодо нары жакта канча деген суроолор калып калууда түшүнүп жатасызбы? Анан тияктан деген....
С.Ж.: - Жок токтой турсаң. То есть Жети-Өгүз, Кубакы, Юпи пландарын сен айтпай эле тигил сага айтып берип анан ошентип алышкан турбайбы?
Э.Ө.: - Мен ошону кайталап эле берип жатпаймбы тияктанчы.
Уландысы бар. Ал эми аудиожазуунун толук версиясын бул жактан уксаңыз болот.