"Жогорку Кеңештин бул чакырылышына көптөгөн аттар коюлду", - деди бүгүн, 3-сентябрда парламентте депутат Сайдулла Нышанов.
Ал парламентке туура эмес аттар коюлганын айтты.
"Мен сиздер менен 5 жыл иштедим, сиздерден көп нерсени үйрөндүм. Парламент жакшы иштеди, ынтымак болду. Коомдо туура, туура эмес пикирлер айтылды. Көптөгөн туура эмес аттар коюлду. 7-чакырылышка келгендер жакшы иштеп бериңиздер. Мен депутаттыкка аттанган жокмун. Анча-мынча сөздөр болсо бири-бирибизди түшүнөлү", - деди Сайдулла Нышанов.