Кавасаки синдрому Кыргыз өлкөсүндө катталган жок, бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги аны дарылоого даярданууда

Кавасаки синдрому Кыргыз өлкөсүндө катталган жок, бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги бул кооптуу ооруну аныктоого, дарылоого жана алдын алууга даярданууда. Бул туралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, 2-сентябрда эксперттерден турган жумушчу топ балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемдик сезгенүү учурларына байланыштуу жыйынга чогулду.

"Буга чейин, COVID-19 илдети улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары барлар үчүн коркунучтуу деп ойлосок, азыр балдар арасында да оор учурлар кездешет деген маалыматтар келип жатат. Ошол себептүү учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык IV протоколу бекитилди. Балдар арасында учурап жаткан илдетти аныктоо жана дарылоо боюнча аракеттер да ошол протоколго киргизилди. Белгилей кетсек, ушул күнгө чейин кавасаки синдрому Кыргыз өлкөсүндө катталган эмес ", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев.

Эскерте кетсек, буга чейин дүйнөлүк басылмалар АКШ жана Европада сейрек кездешүүчү кавасаки илдетине балдар көбүрөөк чалдыга баштаганын жазып чыгышкан.

“Кавасаки синдромуна даяр турушубуз керек” дешет дарыгерлер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
asefsa
2020-09-03 11:08:29
Кудай сактасын!
Кабылбай эле койсун!
+3
Jibakana
2020-09-03 12:21:06
Кудайым ай ушу балдарыбызды оорута корбосо экен, балдарыбыз Ден соолукта болсо экен
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан