Филиппе Коутиньо "Барселона" клубуна кайтып келди

Бразилиялык белгилүү футболчу Филиппе Коутиньо Чемпиондор Лигасын жеңип алган "Бавария" клубунан Испаниянын "Барселона" футболдук клубуна кайтып келди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

"Коутинього ыраазычылык билдиребиз. Ал өзүнүн мыкты техникасы менен өткөн сезондо оюнубузду жандандыра алды", - деген "Бавариянын" башкы директору Карл-Хайнц Румменигге.

28 жаштагы Коутиньо "Бавария" клубунда жалпы 38 оюн өткөрүп, 11 гол киргизген. Клуб менен чогуу ал Германия Чемпиондугун, Германия Кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңип алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Islam98
2020-09-04 21:47:35
8-2 ге айрыдын эле! Кандай тосуп алышты болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан